ГлазгоУлуу Британиянын түндүк-батышындагы шаар, Шотландияда. Клайд дарыясынын чатындагы порт. Стратклайд аймагынын администрациялык борбору. Калкы 675 миң (1994). Калкынын саны боюнча Улуу Британиядагы экинчи, Шотландиядагы эң ири шаар. Шаар айланасы менен (Дамбартон, Гринок ж. б.) Клайдсайд конурбациясын түзөт. Жолдор тоому. Оор машина куруу (анын ичинде кеме, аскер кемеси, танкер, лайнер ж. б.), металлургия, тигүү, кагаз, тамак-аш-татымал, полиграфиялык, электр техникалык, авиа кыймылдаткычтар, текстиль (килем токуу) өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1451), метрополитен, сүрөт мектеби жана галереясы, музыкалык академия (1929) жана музей бар. 6-кылым ченде байыркы кельттердин тургун жайынын ордунда пайда болгон. Готика стилиндеги кафедралуу собор (12-кылым – 16-кылымдын аягы) сакталган.

Глазго.

Колдонулган адабияттар түзөтүү