Глазунов, Василий Афанасьевич

Глазунов, Василий Афанасьевич [20.12. 1895 (1. 1. 1896) — 26. 6. 1967] - генерал-лейтенант (1944), эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945).

1926-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1918-жылдан Сов. Армияда. Туркстанда Жарандык согушта болгон. «Выстрел» (1929), курстарын, Генштаб академиясынын курсун (1950) бүткөн.

Улуу Ата Мек. согушта аткычтар корпусунун командири. Согуштан кийин бирикменин командири, аба-десант аскеринин генерал- инспектору, аскер округунун командачысына жардамчы болгон. 1954- жылдан запаста. 3 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, дагы башка 6 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.