Глаукома
Глаукома - (грекче glаukoma – көз чечекейинин тунарышы) – көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашы менен мүнөздөлгөн оору. Ага көздүн нерв, кан тамыр системасынын бузулушу себеп болот. Көздүн басымы өзүнөн өзү көтөрүлсө алгачкы, көздүн мурдагы же учурдагы оорусунан болсо, экинчилик глаукома деп аталат. Ал демейде улгайган кишиде көп болуп, эки көзү тең жабыркайт. Көбүнчө өнөкөт түрүндө өтөт. Дайыма дарыланып турбаса, оору күчөп кетет. Алгачкы глаукома көздүн ички басымын жөнгө салуу бузулганда пайда болот. Экинчилик глаукома көз басымынын жогорулашына түрдүү көз оорулары, көз суюктугунун чыгуу жолдорунун бүтөлүп калышы себеп болот. Оорунун негизги белгилери: жарыкты караганда анын тегерегинде көк жаа дого пайда болгонсуйт. Көз тунарып, буюмдар даана көрүнбөйт, оорулуунун чекеси, башы ооруйт, кээде көздүн чанагы талыйт. Айрым учурда катуу башталат, көзү, башы ооруп, көз кызарат, көз жапкалары шишийт, начар көрөт, жалпы абалы начарлап, окшуп кусат, денеси ысыйт. Дарылоо дары-дармектер, күчөп кетсе хирург. жол менен жүргүзүлөт. Статистикалык маалыматтарга караганда, жаңы төрөлгөн балдардын он миңинин бирөөсү глаукомага кабылат. 40-50 жаш курактагыларда 0,1%, ал эми 60-75 жаш курактагыларда 1,5-2% глаукомага кабылуу коркунучу бар. Бул дартты өз убагында дарылабаса, көз таптакыр көрбөй калышы мүмкүн. Дүйнө боюнча глаукоманын таасиринен 5 миллион адам көрүүсүн жоготкон. Глаукоманын алдын алуу үчүн 40 жаштан өткөндөр жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп, көз басымын текшертип турушу зарыл.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4