Глобалдык маселелер – бүткүл адамзат жашоосун жана өнүгүүсүн түйшөлтүп козгогон, өзүнүн чечилиши үчүн дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин биргелешкен күч-аракеттерин талап кылган, маани-маңызы жагынан азыркы заманда топтолгон өтө курч маселелердин жыйындысы. Биринчи даражадагы глобалдык маселелердин катарына согуш жана тынчтык проблемалары кирет. Булардын ичинде чечилиши жалпыга бирдей зарыл маселелер бар: эл аралык коопсуздук, бүткүл дүйнөлүк термоядролук согуш коркунучу, куралсыздандыруу (массалык кыргын салуучу куралдарды жок кылуу), эл аралык мамилелерди демилитарлаштыруу, элдердин ортосундагы ишенимдерди бекемдөө д. у. с. Улуттун, ири зоналык аймактын чегинен чыгып, көп учурда дүйнөлүк масштабга өтүп кеткен: баңгилик, экстремизм, террорчулук сыяктуу проблемалар планеталык аренада зор коркунучтарды жаратууда. Айрыкча: 1) термоядролук тирешүүлөрдүн капыстан дүйнөлүк алааматка айланып кетүү мүмкүндүгүнүн сакталып турушу, адамзат коопсуздугунун камсыз эместиги, дүйнөнүн бир кыйла өлкөлөрүндөгү ашкере артта калуучулук, жер жүзүнүн бир катар бөлүгүндө орун алып келаткан ачарчылык, туташ сабатсыздык, массалык жакырчылык сыяктуу дүйнө өлкөлөрүнүн бир кылка эмес өнүгүүлөрүнүн кесепеттери али өз коркунучтарын жоготуша элек; 2) табиятты глобалдуу өздөштүрүүдөн келип чыккан адамзат коому үчүн өтө кооптуу проблемалар; энергетиканын жана азык-түлүктүн жаңы булактарын табуу үчүн күрөштүн, чийки заттардын жаңы түрлөрүн массалык масштабда иштеп чыгуунун жана колдонуунун кеңири кулач жайышы менен дүйнөлүк экологиялык баланска алардын терс таасиринин өсүшү; океандар менен жакынкы космос мейкиндиктерин өздөштүрүүдөгү глобалдык кыйынчылыктар ж. б.; 3) адам менен коомдун ортосундагы мамилелердин курчушу; алардын улам жайылып тарап баратышы; илим-техника индустриясы улам бийиктеп өнүккөн сайын коом үчүн эң керектүү саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын өнүктүрүүнүн да ошончолук түрдө (алгебралык прогрессия менен) кымбатка турушу.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү