Глобалдык моделдештирүү

Глобалдык моделдештирүү – илимдеги Жер шарын дээрлик камтыган, ири масштабдагы социал., экономикалык, жана экологиялык процесстердин моделдерин иштеп чыгууга арналган жаңы тармак. Дүйнөнүн экономикасынын алгачкы экономикалык, математикалык модели БУУнун тапшырмасы боюнча АКШ экономисти В. Леонтьевдин жетекчилиги астында иштелип чыккан. Анда дүйнө экономикалык, 43 сектор боюнча экспорттук-импорттук өз ара байланышы бар 15 регионго бөлүнгөн. Бул моделде бүтүндөй дүйнө жүзүнүн 2000-жылга чейинки өнүгүү келечегинин бир нече варианты анализделген. Мындан тышкары Рим клубунун тапшырмасы боюнча башка моделдер да иштелип чыгууда. Кандай гана глобалдык модел болбосун аны түзүүдө илим менен техниканын жетишкендиктерин жана өнүгүү тенденцияларын эсепке алып, дүйнөдө тынчтыкты жана Жердин экосистемасын сактоону эске алуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү