Глобалдык мониторинг
Глобалдык мониторинг – Жердин биосферасы менен экосферасында болуп турган дүйнөлүк процесстер менен кубулуштарга көзөмөл жүргүзүү. Глобалдык мониторингдин негизги максаты сфералардагы (биосфера, экосфера) бардык экологиялык компоненттерди бөлбөй кароо жана пайда болуучу экстремалдык абалдардын алдын алуу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4