Глотов Николай Тимофеевич

Глотов Николай Тимофеевич - (1923-ж. т., Ысык-Көл району, Ананьев кыштагы) – Даңк орденинин толук кавалери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1941-ж. Советтик Армияга чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) Курск салгылашуусуна катышкан. Беларуссия, Литва, Латвия жерлерин душмандан бошотушуп, Румыния, Польша, Германиядагы уруштарда болгон. Борисов шаарын бошотушканы үчүн 3-даражадагы (1944), Ракув жана Вильнюс шаарларын бошотушканы үчүн 2-даражадагы (1944), Лиепайя шаарынын жанында болгон салгылаштагы эрдиги үчүн 1-даражадагы (1945) Даңк ордендерин алган. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү