Гобелен
Гобелен (французча: gobelin) – Париждеги гобелендик деп аталган мануфактурада дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган жогорку көркөмдүк сапаттагы, кол менен токулган француз килеми. Көрүнүктүү Париж Г. XVII кылымда ири сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү (картондор) боюнча иштелип чыккан жана татаал көп фигуралуу композицияларды чагылдырышкан. Г-нын мыкты көргөзмөсү Ленинграддагы мамл. Эрмитажда сакталган. Кеңири мааниде – өндүрүлгөн мезгили, орду, мүнөзүнө карабастан, жогорку көркөм сапаттагы жана көбүнчө, татаал көркөм сүрөттөр түшүрүлүп согулган бардык килемдер, материалдар Г. аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004