Говард Лесли Шор (англ. Howard Shore;1946-жылы 18-октябрда туулган) — тасмага обон жазуу менен таанымал болгон канадалык композитор. Ал 80ден ашуун тасмага композиция жараткан. Эң белгилүү болгондору «Шакектер ээси» менен «Гоббит» үчилтиктерин киргизгенге болот. Биринчи үчилтик үчүн ал «Оскардын» үч сыйлыгына татыган. Ал «Батышты көздөй» чыгармасы үчүн сыйлыкты «Eurythmics» тобунун вокалисти Энни Ленокс жана ырдын сөзүн жазган жазуучу, продюсер Фрэн Уолш менен бөлүшүп алган. Ошондой эле ал режиссер Дэвид Кроненберг менен 1979-жылдан бери дээрлик бардык тасмалар боюнча туруктуу кызматташып келатышат.

Шор концерттик чыгармаларды, анын ичинде «Учуу» операсын да жазган. Бул Кроненбергдин 1986-жылкы тасмасына негизделген чыгарма. Чыгарманын бет ачары 2008-жылдын 2-июлунда Париждин Шатле театрында болуп өткөн. Ошондой эле ал Уонамэйкер органы жана Филаделфия оркестри үчүн кыскача фанфаралык музыка менен Швейцариянын 21-кылым симфониялык оркестрине увертюралык обон жазып берген.

Үч «Оскар» сыйлыгынан тышкары ал «Алтын глобустун» үч сыйлыгын жана «Грэмминин» төрт сыйлыгын жеңип алган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү