Го́голь-мо́голь — жумуртканын сарысына кумшекер кошуп жасалган десерт. Вино, виски, ванилин, ром, нан, бал, какао, мөмө, шире кошуп жасалган вариацияларын кездештирүугө болот.

Үн бузулгандагы рецепт же "Гоголь-Моголь" Мындан жүз жылча илгери орустун Могилев шаарында Гогель аттуу еврей Дьякон жашаган болот. Анын үнү бузулуп калганда синагогинден кууп жиберишет. Көп балалуу ата айласы кеткенден эмнени гана жасабайт, ошентип жүрүп, тапкан пайдалуу амалы - күнүгө эртен менен чийки жумурткага кара нандан укалап, туз сээп, анан абдан чалып туруп ичип алып жүрөт. Кедей бечарага бул жир жагынан эртең мененки тамак ордуна да керектелет. Дьякондун үну ошентип калыбына келет.

Ошол эле учурда коңшу Большой Своротви деген жерден жаш графиня Потоцкая бул "сыйкырдуу" дарыны угуп калат. Ал меймандарына жаңы романстардан ырдап берип таң калдырганды абдан жакшы көрчү экен, бирок ыр арасында үнү бузулуп кете турган. Ал нандан семирип кетүүдөн коркуп, анын ордуна жарым чай кашык бал салып, абдан узака чалдырып туруп, ичип жүрөт. Ага дагы жардамы тиейт, ошондо Потоцкая күчкө салып: "Бул мен ойлоп тапкан бальзам, аты Гоголь-Моголь болсун",-дейт.

Ал эми Могилевден чыккан Гогель дагы ага жөн эле жеңилип калбаптыр, ал өзүнүн дарысына "Моголь-Гоголь" деп ат койгон экен.