Гозопая
Гозопая – пахта аңызындагы мая. Ар гектарга аңызда 3–6 тоннага чейин гозо пая калат. Айрым жерде ал семирткич катары айдалып ташталат. Өнөр жайда сапаттуу кагаз, картон, курулуш материалдарын чыгаруу үчүн колдонулат. Гозо паяны жергиликтүү эл отун катары да пайдаланат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4