Голубин мөңгүсү, Жинди-Суу мөңгүсү – Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,5 км, туурасы 400–500 мден 1000 мге чейин. Аянты 9,4 км2. Аларча суусунун алабында. Кар чегинин бийиктиги 3860 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4420 м, этеги 3400 м бийиктикте жайгашкан. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Аларча суусунун оң куймасы Жинди-Суу башталат. Мөңгү геолог В. Н. Голубиндин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү