Готика (итал. gotico, фр. gothique) – готторго тиешелүү, готтук феодализмдин эң жогорку өнүккөн жана кайра кыйрай баштаган дооруна тиешелүү, XII кылымдын экинчи жарымынан XV кылымга чейинки Батыш Европа көркөм искусствосундагы стиль. Г. капиталисттик мамилелер эрте калыптана баштаган өлкөлөрдө (мисалы, Италиянын шаарларында) анча олуттуу өнүгө алган эмес. Бул өлкөдөгү антик традицияларынын туруктуу сакталышы менен шартталган. Ал эми катардагы феодалдык мамлекеттер Франция менен Германияда готикалык стиль айкын мүнөздүү түрдө өнүгө алды. «Готика» термини Кайра жаралуу гуманисттери тарабынан киргизилген жана ал жалпы орто кылымдык көркөм искусствонун «варвардык» мүнөзүн баса белгилөө менен анын готтордун көркөм искусствосу менен байланышын көрсөтүүнү каалаган. Ал эми чындыгында бул стилдин готторго эч тиешеси жок болгон жана ал XI–XII кылымдарда Батыш Европада өнүккөн романдык көркөм искусство принциптеринин закон ченемдүү өнүгүшү жана түрүн өзгөртүүсү болгон. Г. көркөм искусствосу чиркөөнүн өтө күчтүү таасири астында болгон жана чиркөө догматикасынын символдук жана аллегориялык образдарын чагылдырууга багытталган; «көктөгү иерархияны» чагылдыруу менен жердеги феодалдык иерархияны бекемдөөгө тийиш болгон. Бирок Г. искусствосу төбөлдөр менен күрөшү­нүн күчөгөн, алардын ич ара таптык күрөшүнүн курчуган шарттарында өнүккөн. Ошондуктан анда эми карама-каршы тенденциялар күч алган: 1) жаңы табигый формаларга, адамдын ички дүйнөсүнө кызыгуу пайда болгон; 2) «жетилбеген маңыроо реализм» элементтери бекемдей баштаган, темалар чөйрөсү кеңейген. Г-нын эң жетишкен жактары архитектурада байкалган. Чептик курулуш мүнөзүндөгү оор, роман соборлорунун ордуна дубалдары саймалуу таштардан турган, жаа сыяктуу төбөлөрү көктү көздөй багытталган храмдардын түрлөрү пайда боло баштайт (мындай курулуш аркбутандардын системасынын натыйжасында бир нерсенин кошулган төбө­сүнүн басымын анын сырткы таянычтарына-контрфорсторго өткөрүп жиберүүсү менен мүмкүн болгон). Готикалык собор (чоң чиркөө) асманга умтулууну символдоштурган жана ушул эле максатка анын бай жасалгаланышы, статуялар, рельефтер, витраждар кызмат кылган. Чиркөөнүн жасалгаларына кирген кээ бир сүрөттөр көбүрөөк турмуштук практикага жакын болгон. Анда эмгек процесстери, кээде сатиралык фольклордон алынган антиклерикалдык сюжеттер, жанрдык көрүнүштөр чагылдырылган. Готикалык миниатюраларда турмушка, пейзажга болгон чоң кызыгуу байкалат. Кайра жаралуу доорунун көркөм искусствосу Г-га каршы күрөштө өнүккөн жана готикалык көркөм искусствосунун реализмге мүнөздүү жактарын пайдалануу менен ага көркөм ой-пикирдин жаңы системасын карама-каршы койгон.

Готика.
Готика.

Колдонулган адабияттар түзөтүү