Готовальня - чийме-график иштерине арналган аспаптардын жыйындысы.

Анын негизги аспаптары: айлананы жана жааны тушь же карандаш менен чийүүчү циркуль; сызгыч боюнча түз сызыкты же лекал менен ийри сызыкты жүргүзүүчү рейсфедер; диаметри 8 мм ге чейинки айлананы чийүүчү жана сызыктуу өлчөмдөрдү так өлчөөчү кронциркуль.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.