Гравиметрия (лат. gravis—оор жана ... метрия) — Жердин гравитациялык талаасын мүнөздөй турган чоңдуктарды ченөөчү жана аларды Жердин кебетесин (фигурасын) аныктоодо, анын ички жана сырткы геологиялык түзүлүшүн изилдөөдө колдонуучу илимдин бөлүмү.

Гравиметрияда Жердин гравитация талаасы анын оордук куч талаасы менен аныкталат. Оордук кучу Жердин суткалык айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчу жана анын тартылуу күчтөрүнүн тең аракет этүүсү болуп саналат. Борбордон четтөөчү күч Жердин оордук күчүн азайтат жана ал экватордо эң чоң, ал эми уюлдарда эң аз мааниге ээ. Ошонун натыйжасында жана Жердин кысылышына байланыштуу оордук күчү уюлдардан экваторго карай азайып, экватордо уюлдагылардан 0,5% чамасында кем болот.

Жер бетинин оордук күчү Жердин кебетесине, өлчөмүнө жана анын ичиндеги тыгыздыктын бөлүнүшүнө байланыштуу. Ошондуктан Жердин гравитациялык талаасын изилдөө анын түзүлүшүн аныктап, кен байлыктарын издеп-чалгындоодо баалуу маалыматтарды берет. Оордук күчүнүн ылдамдануусу маятниктуу приборлордун жана гравиметрдин жардамы менен Жер шарынын эки пунктундагы оордук күчүнүн айырмасы ченелгенден кийин салыштырма метод аркылуу аныкталат. Жер шарындагы Гравиметриялык пункттардын бардыгы Потсдамдагы (Германия) пункт менен байланышкан. Мында оордук күчүнүн абс. мааниси (981274 мгл) 20-кылымдын башында айлануучу маятниктин жардамы менен аныкталган. Кайталап нивелирлөө менен бирге оордук күч ылдамдануусунун өзгөрүүсүн изилдөө жер кыртышындагы геологиялык процесстерди үйрөнүүгө жардам берет.

Гравиметрия геодезия, геофизика, геология жана астрономия илимдери менен тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.