Гравитациялык нурлануу — кыймылы бир калыпта болбогон космостук телолордун гравитациялык же тартылуу толкундарды чыгарышы.

Гравитациялык толкундардын бар экендиги А. Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынан (1916) келип чыгат. Интенсивдүүлугү эң аз болгондуктан, гравитациялык толкундар ушул күнгө чейин тажрыйбада байкала элек.

Гравитациялык толкундар электромагнит толкуну сыяктуу туурасынан болгон толкундар жана анын ылдамдыгы жарыктын вакуумдагы ылдамдыгынабарабар. Гравитациялык толкундардын квант механикасында гравитион деген түшүнүк пайда болду. Гравитион — гравитациялык толкундарды чыгаруучу белүкчө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.