"Гравити Фолз" (англ. Gravity Falls) - Disney Television Animation компаниясына таандык болгон, 2012-жылдын 15-июнунан баштап 2016-жылдын 15-февралына чейин Disney Channel каналында (кийин Disney XD каналында) берилген америкалык мультсериал.

Алекс Хирш ойлоп чыгарган мультсериалда Диппер Пайнс (Жейсон Риттер, үн коштоодо) жана анын эгиз карындашы Мэйбл (Кристен Шаал) экөө улуу агасы Стэндин (Хирш, үн коштоодо) жанына жайкы каникулдарын өткөрүүгө жиберилет, негизги окуя табиятта жок болгон күчтөр жана жандыктарга толгон сырдуу шаарда орун алат. Балдар Стэнге анын туристтерди кызыктырып өзүнө тарткан "Укмуш нерселердин алачыгы" дүкөнүн иштетүүгө жардам берип жергиликтүү жашырын сырларды изилдешет.

2014-жылдын 14-июнунда мультсериалдын 2-сезону ошол эле жылдын 1чи жана 4-августта Disney Channel жана Disney XD каналдарында берилүүсү тастыкталган, анын үстүндө, сезондун эпизоддорунун дээрлик көбү Disney XD каналында көрсөтүлгөнү менен, бул канал мультсериалдын жаңы негизги берүүчү каналы болгон. 2015-жылдын 20-ноябрында Хирш мультсериалын экинчи сезону менен аяктаганын жарыялаган, себеби Хирш мультсериалды "реалдуу аягы" менен бүтсүн деп ойлогон. Мультсериал 2016-жылдын 15-февралында чыккан "Мистигеддон 3: Фолзко кайтуу" (англ. "Weirdmageddon 3: Take Back the Falls") аталышындагы бир саатык акыркы сериясы менен аяктаган.

Хирш мультсериалды кошумчалуу эпизоддору жана атайын чыгаруулары менен улантууга даяр болгонун айткан.

Сюжети түзөтүү

Эпизоддор тизмеси түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү