Градуировка (лат. gradus — кадам, баскыч, даража) — өлчөө-ченөө каражаттарын (ченди же приборду) бөлүктөр салынган шкала же градусарга бөлгүч таблица менен жабдуу.

Шкаланын бөлүктөрү өлчөнүүчү-ченелүүчү чоңдуктун маанисине туура келүүгө, ал эми таблица прибордун чыгышындагы маанинин анын киришине берилүүчү чоңдук менен байланышын (мисалы, пирометр термопарасынын Электр кыймылдаткыч күчүнүн анын жумуш аткаруучу бөлүгүнүн температурасына жараша болушун) так көрсөтүүгө тийиш.

Өлчөө-ченөө приборлору абдан так каражаттар менен градустарга (бөлүктөргө) бөлүнүп, өлчөнүүчү-ченелүүчү чоңдуктун мааниси дал ошол бөлүктөрдүн көрсөткүчтөрү боюнча алынат. Өлчөөчү-ченөөчү приборлордун туура эмес көрсөткүчтөрүн оңдоп, анын так көрсөтүүсүнө жетишүү үчүн типтүү шкала менен стандарт таблицалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.