Грамматикалык мектептер

Грамматикалык мектептер -

  1. Байыркы Афиныда 7ден 12 жашка чейинки эркек балдарды окуу, жазуу жана эсепке үйрөткөн башталгыч мектеп;
  2. Байыркы Римде патрицийлер менен атчандардын (античный мамлекеттердеги эл катмары) балдарына латын грамматикасын, рим адабияты менен грек тилин окуткан, башталгыч мектептен жогорураак мектеп;
  3. Россияда 17-кылымда кээ бир монастырлардын мектеби, аларда античный адабият, байыркы грек жана латын тилдери окутулган;
  4. Улуу Британияда, Британия ынтымагындагы кай бир өлкөлөрдө жадны билим берүүчү орто мектеп. Грамматикалык мектептер Англияда 7-кылымда пайда болуп, 16-кылымда англ, ак сөөктөрдүн мектебине айланат.

1902-ж. мектен жөнүндөгү закон боюнча мамлекеттик мектеп системасына кирет. Грамматикалык мектептерке башталгыч мектепти бүткөндөр алынат. Окуу мөөнөтү 7 (кээде 8) жыл, аны бүткөндөр жогорку окуу жайларына экзаменсиз өтөт. Англияда жүргүзүлгөн мектеп реформасына байланыштуу өлкөнүн бир катар штаттарында Грамматикалык мектептер акырындык менен бирикме орто мектептердин составына кошүлүүда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.