Гран-При (фр. Grand Prix - чоң сыйлык, баш байге) - фестиваль, конкурс ж. б-дагы жогорку сыйлык.

«Ак кеме» фильми (реж. СССР эл арт. Б. Шамшиев) 9-бүткүл союздук китофестивалдын гран-присин жеңип алган. 2006-жылы Бишкекте өткөрүлгөн «Нооруз» театр фестивалынын гран-при сыйлыгын «Учур» телетеатрынын «Жаабарс» спектаклине (реж. КРдин эл артисти А. Сарлыкбеков) ыйгарылган. «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын 1-тому республикалык китеп конкурсунда (2007) гран-приге татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4