Графема (лингвистика) (грек. grapho – жазам) – 1. тилдин лингвистикалык белгилүү бир мазмунга ээ болгон графикалык системасынын эң кичинекей бирдиги. Мунун референти болуп сөз, морфема, муун же фонема эсептелет (сөздүк, муундук, тыбыштык жазуудагы тилдер).

2. жазуунун белгилүү бир системасынын эң кичинекей белгиси (тыбыштык жазуудагы тилдер үчүн). Бул термин илимде 20-к. башында орфография маселелерин талкуулоого байланыштуу оозеки жана жазуу тилин, тил жана кепти, тамга жана тыбышты, тыбыш жана фонеманы, тамга жана графеманы бири-биринен жиктөө, айырмалоо учурунда кеңири колдонула баштаган. Графема түшүнүгү бүгүнкү тил илиминде фонема менен тамганын ортосундагы карым-катыштын, белгиленүүчү менен белгилөөчүнүн биримдиги катары аныкталат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4