Графиттештирүү — көмүртеги түрүксуз химиялык бирикме — карбид түрүндө болгон темир, никель, кобальт ж. б. металл куймаларында графитти пайда кылуу же графитти бөлүп чыгаруу процесстери.

Температуpa жогорулаган сайын Графиттештирүү тездетилип, карбид бүтүндөй графит менен алмашат. Графиттештирүүнү тездетүү үчүн куйма алдын ала чыңалат жана деформацияланат. Болотту Графиттештирүүде анын механикалык касиеттери бир аз начарлайт, бирок графит майлоочу касиетке ээ болгондуктан, тетиктин жешилүүгө түрүктуулугун жогорулатат.

Болотту же чоюнду Графиттештирүүнү тездетүүдө ага кремний кошулат. Бир катар куймаларды (аспаптык, пружиналык ж. б. болотту) Графиттештирүүдө алардын сапатын начарлатып жибергендиктен, Графиттештирүүнү токтотуп, карбиддин түрүктуулугун жогорулатуу үчүн ага хром, марганец ж. б. кошулмаларды кошуу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.