Грейг мандалагы, чаар мандалак

Грейг мандалагы, чаар мандалак (лат. Tulipa greigii, Regel) - Жумуртка сымал ири пияз түбүнүн диаметри 4 см, кабыктары жука жана ички жагы жыш түктүү, кызгылт-күрөң түстө. Жер кыртышында 5-10дон 50-60 см чейинки тереңдикте жайгашат. Сабагы жоон, бийиктиги 10- 50 см, жогору бөлүгү түктүү. Жалбырактары 3-5 санда, ири, узундугу 20 см, имерилген, узунча, же жазы эллипс сымал, көгүлтүр кызгылт-көк чаар түстөгү темгилдүү, жалбырак пластинкаларынын чет жактары толкун сымал, ийрирээк. Гүлдөрү бирден, ири, бокал сымал формада, кооз жана ар түрдүү түстө. Төмөн жагында сары жана каралжын тактары бар. Көпчүлүк учурда гүлдөрү кызгылтым сары, кээде кызгылт саргыч же сары. Гүл коргонунун желекчелери 10-12 см узундукта, кыска учтуу. Мамычасы анча өрчүгөн эмес. Кутучасы ачык сары, күрөң тактуу, үч бурчтуу, узундугу 11 см, диаметри – 4-3 см. Уругу ачык күрөң, ийилген жумурткадай.

Грейг мандалагы.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Көп жылдык, пияз түптүү чөп өсүмдүк. Апрелң айынын аягында, май айынын башталышында гүлдөйт. Бишкек шаарында – апрелңдин18-24нөн баштап, 10-14 күнгө созулат. Майдын аягы – июнда уруктанат.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түндүк жана Батыш Тянңшанң (Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан). Кыргызстанда – Талас, Кыргыз тоо кыркалары, Чоң Кемин жана Кичи Кемин сууларынын бассейни.

Өсүү шарттары түзөтүү

Бөксө жана орточо бийиктиктеги тоо этектериндеги шагылдуу, аскалуу аймактарда кездешет.

Саны түзөтүү

Чачыранды учурайт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Гүлдөгөн маалында мал жаюуу, гүлүн үзүп, пияз түбүн казып алуу.

Өстүрүү түзөтүү

19 кылымдын акырынан бери өстүрүлүп келет. Себилгенден кийин 3-4 жылдан кийин гүлдөй баштайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казак ССРинин (1981), СССРдин (1984), Өзбек ССРинин (1984) жана Кыргыз ССРинин (1985) кызыл китептерине киргизилген. Коргоо үчүн за рыл аракеттер. Ареалында түрдүн кеңири учураган жерлеринде популяциясынын санына иликтөө жүргүзүү. Гүлдөгөн мезгилинде мал жаюуга тыюу салып, гүлдөрүн чогултуп, пияз түбүн казып алууга тыйуу салыш керек.

Статусу түзөтүү

EN. Ареалы жана саны кыскарып бара жаткан түр. Борбордук Азия эндеми. Жогору декоративдүү өсүмдүк, жашылдандырууда, гүлчүлүктө жана мандалактардын жаңы сортторун чыгарууда аябагандай баалуу болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү