Грива Жан (өз аты-жөнү — Жан Карлович Фолманис) (24. И (7. 12). 1910-ж. т.) — латыш совет жазуучусу.

1934-жылдан КПСС мүчөсү. Гриванын «Пиренейдин ары жагында» (1948) аңгеме жыйнагында испан элинин азаттык күрөшү көрсөтүлгөн. «Өмүр жолу» (1952) романында согуш убагындагы латыш аткычтарынын эрдиги баяндалат. Грива -бир нече драмалык чыгармалардын, «Таңды күткөн адам» (1967) романынын жана балдар үчүн жазылган китептердин автору. СССР Жог. Советинин (6-шайл.) депутаты. Беш орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.