Григоренко, Петр Герасимович

Григоренко, Петр Герасимович (1910, Жамбыл ш. – 1979-ж. Бишкек ш.) – геолог, Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1965), геология-минералогия ил. доктору (1968), профессор (1960), Орто Азиянын гидрогеологиясы ж-а инженердик геология б-ча көрүнүктүү адис. Орто Азия индустриялык ин-тунун геол. факультетин бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР Геол. башкармалыгында гидрогеол. экспедициясынын начальниги (1940). 1948-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунун сектор башчысы. Г. эл чарбасында мааниси зор проблемалардын бири – республиканын гидрогеологиясы ж-а инженердик геологиясы б-ча комплекстүү илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. 50дөн ашык илимий эмгектин автору ж-а гидрогеология б-ча айрым монографиялык жыйнактардын («Гидрогеология СССР», т. 40, ж. б.) редактору. Кыргызстандын гидрогеол. картасын түзүүгө катышкан. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү