Котовский Григорий Иванович [12 (24). 6. 1881, Россия империясы, Бессарабия губерниясы, Ганчешты (азыркы Молдавия, Хынчешть шаары – 6. 8. 1925, Украина ССРи, Одесса облусу, Коминтерн району, Чебанка совхозу] – советтик аскер жетекчиси. 1900-ж. айыл-чарба окуу жайын бүткөн. Кедей-дыйкандардын талабын коргоп, помещиктерге каршы күрөшкөндүгү үчүн бир нече жолу камакка алынып, сүргүнгө айдалган. 1918-жылдан Одессада большевиктер менен иштеп, аскердик-диверсиялык иштерди жетектеген. Молдавияда Совет бийлигин орнотууга, 1919-ж. ноябрь айында Петроградды коргошкон. Жарандык согушта атчан аскерлер бригадасынын, дивизиясынын, корпусунун командири болуп, Н. И. Махнонун, С. В. Петлюранын, А. С. Антоновдун куралдуу топторун жоготууга катышкан. Г. Котовский – УССРдин курамында Молдаван АССРин түзүүчүлөрдүн (1924) бири. Котовскийдин аскердик талантын М. В. Фрунзе жогору баалаган. Сөөгү бальзамдалып, Бирзула шаарында (азыркы Котовск шаары, Одесса облусу, Украина) Котовскийдин ысмынан аталган мавзолейге коюлган. Үч жолу Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү