Гродеков Н.И. (1843-1910). Падышалык армиянын аскер кызматкери, изилдөөчү. Хива жана Ахалтекин аскер жүрүштөрүнө жигердүү катышкан. 1889-ж. «Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области» аттуу эмгекти жарыкка чыгарган. Китепте таластык кыргыздар жөнүндө кенен маалыматтар берилген. Таластык кыргыздардын уруулук курамы, административдик-башкаруу түзүлүшү, үрп-адаттары, каада-салты, чарбалык укладдары, соода алакалары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды жазган. Адат укугу боюнча жазалоо, кордоо, кылмышы үчүн уруунун курамынан чыгарып жиберүү, барымтага алуу, аш-той, сөөк коюу салттары терең изилденген. Анын өзгөчө кыргыздын сол канатындагы уруулардын эн тамгалары боюнча берген маалыматтары илим үчүн баалуу. Мындан сырткары, өз эмгегинде Талас аймагындагы белгилүү эл жакшыларынын ысымдары жөнүндө кенен маалыматтарды берген. Элдин тамак-ашына, конокторго эт тартуунун салтына кеңири токтолгон. Калктын социалдык турмушу, укуктук нормалары, мыйзам жөнүндө, үй-бүлөлүк мамилелери, уруулардын ураандары жана эн тамгалары жөнүндө сүрөттөп жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү