«Громовдор» — 2006-жылы «Меркаба фильм» киностудиясында тартылган, ар бири 45-50 мүнөткө созулган, 12 сериядан турган, көркөм тасма.

Громовдор
Громовы
Жанр

Драма

Ролдордо

Глафира Тарханова
Василий Лыкшин
Василий Прокопьев

Композитор

Туманова Ирина

Мамлекет

 Орусия

Түпнуска тили

Орусча

Сезондордун саны

2

Сериялардын саны

12 бөлүм

Өндүрүш
Продюсер

Тимур Бекмамбетов
Бахыт Килибаев

Режиссёр

Александр Баранов

Сценарий

Аркадий Казанцев
Александр Баранов
Бахыт Килибаев

Хронометраж

44 мүнөт

Трансляция
Телеканал

Россия
Биринчи канал
Россия 1

Экрандарда

13 февраль - 2 март (2006 )
9 январь - 24 январь (2008)

Кийинки шоу

Громовдор. Үмүт үйү

IMDb

ID 3746884

Тасманын алгачкы 12 сериясы 2006 жылы, 13 февралдан - 2 мартка чейин РТР каналынан көрсөтүлгөн.13-24-сериялар тартылып, көрсөтүүгө даяр болгондо Биринчи канал (ОРТ) тасманы көрсөтүү укугуна ээ болгон. Биринчи каналдын көрүүчүлөрүнө окуя түшүнүктүү болуш үчүн адегенде алгачкы 12 серия, андан соң январдын аягынан тартып “Громовдор. Үмүт үйү” көрсөтүлө баштаган.

Мазмуну түзөтүү

Громовдор:.Тасманын башкаармандары – Совет учурунда жашаган жөнөкөй үйбүлө: Мария, Фёдор, алардын балдары Настя, Саша, Савва, Никитка жана кичинекей Ваня. Фёдор шахтада иштейт, Мария болсо – мугалим. Алардын жайбаракат жашоосу жок жерден болгон окуядан улам бузулат. Ата-энеси менен эрте кош айтышкан төрт биртууганды тагдыр эң кенже биртууганы Ванядан да ажыратып, мындан кийинки жашоолорун өз алдынча улантууга мажбур болушат. Алар баштарынан эмнелерди гана өткөрүшпөйт: зордук-зомбулук, ачкачылык, түрмө, кумар оюндары, балдар үйү... Эң негизгиси, Громовдор бир үйбүлө экенин эстеринен чыгарышпай, татаал турмуш менен алышып келишет. Громовдор. Үмүт үйү:. Громовдор жөнүндөгү төрт биртуугандын окуясынын уландысы. 1979-жыл. Москванын четиндеги Химки айылы. Настя бөбөктөрүн ээрчитип чоң энесинин үйүнө келет. Бирок, аларды ал жакта эч күтүшпөйт. Кайрадан турак-жай издөө, жумушсуздук, туугандар менен батышпагандык сыяктуу маселелер Громовдордун башына түшөт. Бирок, ынтымак баарын жеңет...

Кызыктуу маалыматтар түзөтүү

  • “Громовдор” сериалынын 24 сериясынын жалпы бюджети 2 миллион долларга жакын барат.
  • Тасма башталаарда анын негизги саундтреги болгон “Булбул” деген ырдын сырдуу окуяга байланышы бар. Ырдын сөзү менен обонун ХХ кылымдын башында эле 10 жашар бала жазган. 1988-жылы аны башка 10 жашар бала аткарат. Ыр жазылган кассетаны качандыр бир кезде “көрөсүң, кереги тийет” деп бейтааныш кемпир режиссёр А.Барановдун колуна карматып кетет. Кийин чындыгында эле ыр керекке жараганда анын авторун издеп таба албай коюшкан. Ал эми аны ырдаган бала 17 жашында сүзгөндү билгенине карабастан дарыяга чөгүп өлгөнү белгилүү болгон.
  • Кичинекей ымыркай Ваня Громовдун ролун аткарган бөбөк чындыгында эркек эмес, кыз болгон. Тасмага катышып калган эң кичинекей актрисанын аты Аня.
  • Тасмада сүрөттөлгөн окуя 80-жылдарды чагылдырат. Так ушул мезгилде дүйнөлүк Олимпиадалык оюндар Советтер Союзунда болуп, атактуу мамалак көккө көтөрүлгөн.Ал эми сериалдын жаратуучулары легендарлуу олимпиядалык мамалакты кайрадан асманга учурушкан.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Сергей Маховиков Фёдор Громов Фёдор Громов
Лариса Шахворостова Мария Громова Мария Громова
Глафира Тарханова Настя Громова Настя Громова
Василий Лыкшин Саша Громов Саша Громов
Василий Прокопьев Савелий «Савка» Громов Савелий «Савка» Громов
Павел Бендюк Никита Громов (в 1-й части) Никита Громов (в 1-й части)
Иван Денисов Никита Громов (во 2-й части) Никита Громов (во 2-й части)
Иван Стебунов Семён Семён
Игорь Савочкин Толян Толян
Александр Цуркан Фурлет милиционер Фурлет милиционер
Григорий Багров шахтёр Григорий (Фёдордун досу) шахтёр Григорий (Фёдордун досу)
Игорь Высоцкий Лукич - бокс боюнча машыктыруучу Лукич - бокс боюнча машыктыруучу
Алексей Маклаков Малюткалар үйүндөгү айдоочу Малюткалар үйүндөгү айдоочу
Виктор Супрун «Рябой» «Рябой»
Геннадий Козлов Квасцов Квасцов
Олег Харитонов Биология мугалими Биология мугалими
Владимир Жеребцов Павел Павел
Татьяна Митиенко Михайловна Михайловна
Анатолий Дзиваев Лёня Красноярский Лёня Красноярский
Нина Персиянинова Малюткалар үйүнүн мүүрү Малюткалар үйүнүн мүүрү
Юрий Мосейчук Дербаремдикер Дербаремдикер
Екатерина Васильева Марта Валишевская Марта Валишевская

Тасманын тартылышы түзөтүү

Тартуучу топ

  • Режиссёру: Александр Баранов
  • Сценарийдин авторлору: Алексей Винокуров, Бахыт Килибаев жана Александр Баранов
  • Продюсери: Тимур Бекмамбетов
  • Композитору: Ирина Туманова
  • Монтаждаган режиссёрлору : Ольга Гриншпун, Ольга Петрусевич

Шилемелер түзөтүү