Гулиа Дмитрий Иосифович (9(21), 2. 1874 - 7. 4. 1960) - абхаз совет жазуучусу, Абхазия эл акыны (1937).

мини

Биография түзөтүү

  • Горидеги мугалимдер семинариясынан окуган.
  • 1892-жылы К. П. Мачавариани менен бирге абхаз алиппесин түзгөн.
  • Алгачкы ырлар жыйнагы 1912-жылы жарыяланган.
  • 1921жылы биринчи абхаз театр труппасын уюштуруп, ага жетекчилик кылат.
  • Туңгуч абхаз газетасынын («Абхазия») редактору.
  • Гулианын чыгармачылыгы совет мезгилинде өөрчүдү.
  • Көпчүлүк ырлары Компартияга, Ленинге арналган.

«Камачич» (1940) романында падышалык учурундагы абхаздардын оор турмушун, аялдардын кайгылуу тагдырын көрсөтөт.

Гулиа - абхаз этнографиясы, тарыхы, тили боюнча эмгектердин жана хрестоматия, окуу китептердин автору. СССР Жогорку Советине (4-5-шайл.) депутат.

Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9