Гумилёв Лев Николаевич
Гумилёв Лев Николаевич, тарыхчы-этнолог, акын, фарси тилинен котормочу, этногенездеги пассионардык теориянын негиздөөчүсү катары илим чөйрөсүнө кеңири маалым. Тарых илимдеринин доктору, ал эми география илимдеринин доктору илимий даражасын СССРдин Жогорку Аттестациялык Комиссиясы бекитпей койгон. Советтик система тарабынан ата-энеси, өзү да саясий жактан куугунтукка алынган, түрмөгө эки ирет олтуруп чыккан. Л.Н.Гумилев 1912-ж. 1-октябрда Санкт-Петербург шаарында Царское Селодо акындар Николай Гумилёв жана Анна Ахматовалардын үй бүлөсүндө туулган. Балалык чагынын көбү Тверь губерниясындагы тайэнесиникинде өткөн. Атасы Николай Гумилёв большевиктер тарабынан козголонго катышты деген жалган жалаа менен 1921-ж. атылып кеткен. Л.Г.Гумилев 1917-1929 жж. Бежецкиде жашаган, 1926-1929 жж. ошол эле шаардагы мектептен окуган. Студент мезгилинде, 1930-1934 жж. Саян, Памир жана Крымда илимий экспедицияларга катышкан. 1934-ж. Ленинград Мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип окуй баштайт. 1935-ж. университеттен чыгарылып, камакка алынат. Бирок энеси Анна Ахматованын суранычы менен камактан чыгарылып, 1937-ж. окууга кайрадан чакырылган эле. 1938-ж. кайрадан камакка алынып, беш жылга эркинен ажыратылат. Беш жыл түрмөдөн соң, Норильск шаарында сыртка чыкканга укугу жок абалында калтырылган. 1944-ж. Кызыл Армияга ыктыярдуу барып, согуштун аягына чейин кызмат өтөгөн. Согуштан кийин, университетке окуу укугу кайрадан калыбына келтирилип, аны 1946-ж. бүтүруп чыгат. Андан соң, СССР ИАсынын Ленинград бөлүмүнүн Чыгыштаануу бөлүмүнө окууга кирет. Ал жерден саясий коньюктуранын айынан окуудан чыгарылат. 1948-ж. 28-декабрында «Подробная политическая история первого тюркского каганата» аттуу темадагы кандидаттык диссертацияны коргойт, СССР элдеринин этнографиясынын Музейине илимий кызматкер катары кабыл алынат. 1949-ж. 7-ноябрда кайрадан камакка алынып, Казакстандын Карагандысында, андае соң, Кемерово областындагы режими өтө катаал түрмөлөрдө олтурган. 1956-ж. күнөөсү далилденген эмес деген статья менен камактан бошотулуп, акталган. 1956-ж. тартып Эрмитажда библиотекарь болуп эмгектене баштайт. 1961-ж. «Древние тюрки VI—VIII вв.» деген темада илимдин докторлук диссертациясын коргойт. 1974-ж. «Этногенез и биосфера Земли» аттуу темада илимдин география боюнча диссертациясын коргогон, арийне, бул диссертация бекитилбей калган эле. 1986-ж. чеийн ЛГУнун алдындагы география илимий-изилдөө институтунда эмгектенген. 1990-ж. СССР ИАсынын академиги болуп шайланган. 1992-ж. 15 июнунда Санкт-Петербург шаарында дүйнөдөн кайткан. Л.Н.Гумилёв этногенез маселесинде бир катар оригиналдуу теорияларды сунуш эткен. Анда этногенез жана этникалык тарыхта климаттын, геологиялык жана географиялык кубулуштардын, ландшафтын, ага негизденген археологиялык, маданий булактардын мааниси зор деген теорияны сунуш этет. Бул теориянын негизинде тарыхый процесстин мыйзам ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүүгө аркет жасаган. Л.Н.Гумилёвдун пассионардык теориясы илим чөйрөлөрүндө өтө эле талаш-тартыштарды, карама-каршы пикирлерди, тыянактарды туудуртканы менен тарых, география ж.б. илимдерде бул пикир жашоого акылуу.
Негизги эмгектери
түзөтүү- «Этногенез и биосфера Земли». — АСТ, Астрель, 2005. ISBN 5-17-031811-1, 5-271-12025-2
- «Конец и вновь начало». — М.: АСТ, АСТ Москва, Хранитель. — 2007 г. ISBN 978-5-17-044877-7, 978-5-9713-5990-6, 978-5-9762-3829-9
- «В поисках вымышленного царства». — Товарищество «Клышников — Комаров и К», 1992. ISBN 5-87495-006-0
- «Древняя Русь и Великая степь». — Астрель, АСТ, 2004. ISBN 5-17-026279-5, 5-271-09769-2
- Древние тюрки. — М.: Айрис-пресс, 2008. — 560 с. — (Библиотека истории и культуры). ISBN 978-5-8112-3199-7
- «История народа хунну». — АСТ, Люкс, 2004. ISBN 5-17-026629-4, 5-9660-0501-X
- «Тысячелетие вокруг Каспия». -М.: АСТ, АСТ Москва, Харвест, 2008. ISBN 978-5-17-051463-2, 978-5-9713-9145-6, 978-985-16-6196-7
- Черная легенда. — М.: Айрис-пресс, 2008. — (Библиотека истории и культуры). ISBN 978-5-8112-3377-9
- «Древний Тибет». — ДИ-ДИК, 1996. ISBN 5-87583-022-0
- «Открытие Хазарии». — ДИ-ДИК, 1996. ISBN 5-87583-023-9
- Хунну. Троецарствие в Китае. Хунны в Китае. — М.: Айрис-пресс, 2008. — 624 с. — (Библиотека истории и культуры).
- Волшебные папиросы: (Зимняя сказка): Пьеса в стихах //Сов. литература. — 1990. — N 1. — С. 61-72. Написал в Норильском лагере в 1942 году.
- Осенняя сказка. «Посещение Асмодея». Написал в Норильском лагере в 1942 году.
- От Руси до России. М.: Айрис-пресс, 2008. — 320 c.: ил. — (Библиотека истории и культуры).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015