Мюрдаль Гуннар 1899-ж. Швецияда Даларна провинциясында төрөлгөн.

  • Ал экономикалык теориянын моралдык, этикалык жана содиалдык маселелерине жогору көңүл бурган.
  • Институциализм багытына таандык.
  • Мюрдаль Швеция парламентине бир нече жолу шайланып, кийин Шведдик пландоо комиссиясынын төрагасы, соода жана коммерция министри болуп иштеген.
  • 1947-ж. Европадагы Бириккен улуттар уюмунун экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы кылып дайындалат.
Гуннар Мюрдальl (1964)

Ал 1968-ж. «Азия драмасы» аттуу эмгегин жарыялаган. Бул эмгегинде «модернизмдин идеалдарын» түзгөн. Алардын тизмеси: рационалдуулук, келечекти пландоо, жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык жана экономикалык теңчилик. Ал 1974-ж. Нобель сыйлыгына татыган. Мюрдаль 1987-ж. дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9