Гурийлер — Сури үйүнөн чыккан Гур султандарынын династиясы; алар Герурид жана Гильменд дарыяларынын баш жагында өзүнчө мамлекет түзүшкөн (1148—1206).

Борбору Фирузкух жана Газни шаарлары болгон. Гурилер мамлекети султандар Гияс-аддин Мухаммед (1163—1203) менен Шихаб-аддиндин (1203—06) тушунда куч алый, азыркы Афганистандын дээрлик бардык аймагын, ошондой эле Индиянын Синд, Пенжаб, Бенарес ж. б. шаар, областтарын каратып турган.

Гурилердин аскери Хорезм шахтары менен болгои согушта жеңилип, мамлекети 1206-ж. кулаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.