Гётит
Гётит (немец акыны И. В. Гётенин ысмынан) темирдин суулуу кычкылдарынын тобундагы минерал. Химиялык формуласы FеООH. Ромб сингониясында кристаллданат.

Гётит жана Кварц.
Өңү кара күрөң, саргыч жана кызгылт күрөң. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5-5,5. С. салм. 4,3. Гётит темирдин сульфиддери менен бирге гидротерм жана темир кен-таштарынын гиперген, чөкмө кендеринде кездешет. Гётит темир кен-ташы (рудасы).
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4