Иманкулова Гүлбара (1920, Сокулук району) - опера ырчысы (меццо-сопрано).

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1947). 1937- жылдан 1986-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында (азыркы Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры) ырчы болуп иштеген.

Бул жылдарда орус, кыргыз тилдеринде 40тан ашык башкы ролдордо ойногон. «Айчүрөктөн» Чачыкейдин, «Ажал ордундан» Зулайканын энесин, «Евгений Онегинден» Ольга Ларинанын, «Токтогулдан» Бурманын, «Манастан» Ороңгунун, «Тынч Дондон» Ильиничнанын, «Майсаранын жоругунан» Майсаранын, «Эненин жүрөгүнөн» Чынардын, «Чио-Чио-сандан» Сузукинин ж. б. партияларды ырдаган. КМШ өлкөлөрүнүн чоң шаарларында гастролдо болгон.

Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүктөрүнө (1939, 1958) катышкан.

«Ардак Белгиси» (1958), Эмгек Кызыл Туу (1971) ордендери, «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы, эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамота (1967, 1974) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.