Момунова, Гүлсайра – акын. Ленинполь районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.

1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыр-гызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнак-тардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.

И.Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жа-зылган.

1996-жылы Туркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эларалык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Жур-налисттер союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

1987-жылдан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлы-гынын лауреаты болду.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Тилек: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 31 б.

Кыял чабыты: Ырлар, поэма. – Ф.: Кыргызстан 1967. – 108 б.

Саябан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 55 б.

Менин күнүм: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 100 б.

Жылаажын: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 187 б.

Өмүр бешигим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 б.

Тереңдеги берметтер: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 112 б.

Ак марал: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 121 б.

Табаар белем: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 172 б.

Айдарым: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 176 б.

Аяй-Аяй: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 12 б.

Жан дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Кыргызстан.1994. – 351 б.

Кут дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 403 б.


Орус тилинде түзөтүү

Признание в любви (сборник стихов разных авторов). – Ф.: Кыргыз-стан.

День рождения: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 92 с.

Улыбка: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 128 с.


Котормолору түзөтүү

Жаканов И. Возвращенная песня: Повесть. 1973. – 304 б.

Ковусова Анна (Т. Байзаков менен бирге). – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 203 б.

Мухамед Икбал. Ырлар. – Б.: 2003. – 100 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү