Гeмонxоз - кепшөөчүлөрдүн жумурунда мителик кылуучу жумуру курт (Haemonchus) козгоочу ылаң. Ылаңдаган малдын жалпы абалы начарлайт, жем-чөп жебей, ичи өтөт. Көзүнүн, оозунун чел кабыгы бозорот, жүнү кургайт. Ылаң оор өткөндө алдыңкы жаагы шишийт, чел кабыгы кызарат. Митенин санына жана малдын абалына жараша ылаң ар түрдүү формада өтөт. Кээ бир учурда биринчи клиникасы билингенден кийин эле мал өлүмгө дуушар болот. Көп убакта ылаң узакка созулат. Мал арыктайт, жүнү жыдыйт. Дарылоо үчүн малдын салмагына 0,5 г/кгдан фенотиазинди жем, атала жана суу менен суспензия түрүндө нафтомон (0,3-0,5 г/кг), нилверм (15 мг/кг), тиабендазол, бубулин, дизофенол, альбендазол, вермитан-20 пайдаланылат. Кыргызстанда ылаң жаан-чачындуу, нымдуу жылдары кеңири таралып, өзгөчө жаш малды бир кыйла зыянга учуратат.

Haemonchus placei.

Колдонулган адабияттар түзөтүү