Гeнофонд - (ген... жана фр. fond, лат. fundus негиздегенден) кандайдыр бир жыштыкта кездешкени менен мүнөздөлгөн бир топтогу (популяциядагы, популяция жана түр тобундагы) гендердин жыйындысы. Терминди орус биологу А. С. Серебровский 1928-ж. киргизген. Планетанын эң бай гeнофондду нымдуу тропик токойлорунда (Амазонка дарыясынын алабы жана башка) орун алган. Анда болжол менен 50000ден ашык өсүмдүк түрү, ошондой эле бизге белгилүү болгон жаныбарлардын жарымынан көбү (курт кумурскалардын 80% ; приматтардын 90%) катталган. Бирок бул аймактар акыркы жылдары адамзаттын иш-аракетинин негизинде кескин кыскарууга дуушар болууда (кыскасы Табиятты коргоо). Өсүмдүктөр менен жаныбарлар популяцияларынын гeнофондун сактоо жандуу жаратылышты коргоонун негизги маселелеринин бири. Алардын гeнофондун коргоодо жана көбөйтүүдө улуттук парктар, биосфералык коруктар, зоопарктар, ботан. бактар, генбанктары жана башкалардын мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү