Гeштaльтпcиxология, гештальттеория (немец Gestalt түр, кебете, бүтүндүк жана психология) – азыркы психологиядагы башкы багыттарын бири, интроспекциялык (өзүн өзү байкоо) психологиясына каршы теория катары жаралган. Маңызы психологиялык татаал кубулуштарды талдоого алганда бүтүндү бүткүл курамы менен бирге кароо зарылдыгын сунуштайт. 20-кдын башында Германияда пайда болгон. Гeштaльтпcиxологиянын башкы өкүлдөрү немец психологдору М. Вертхеймер, В. Кёлер, К. Коффка, К. Левин психиканын негизги элементин сезим эмес, кандайдыр бир психикалык курумдар же гештальттар түзөт деп эсептешкен. Гeштaльтпcиxологияда бүтүндү бөлүктөрдүн суммасы катары кароого болбойт деген тезис бар. Ал өзүнүн теориялык ырастамасын алган. Айталык, бөлүктөрдүн өзгөрүүлөрү суммага төп келбей калышына алып келген күндө да, жалпысынан бүтүндүн толук сакталышы аныкталган. Бул гештальт сапат аталган бөлүктөр тийиштүү функцияга ээ. Бүтүндүн куруму функциялуу жана динамикалуу. Бүтүн өзүндөгү ички күчтүн динамикалуу таасири астында олуттуу нерсеге өтүп кетүүсү мүмкүндүк Кийинчерээк Гeштaльтпcиxологиянын идеясы физикалык, физиологиялык жана экономикалык көрүнүштөргө да таркатылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү