Дабдыраң – организмде жалпы зат алмашуу бузулуп, жүрөк жана дене булчуңдарынын өзгөрүүсү менен мүнөздөлүүчү ылаң. Аны менен малдын бардык түрү жана бакма канаттуулар ылаңдайт. Кыргызстандын шартында 3–4 айга чейинки козулар ылаңдап, бир кыйла зыянга учуратат. Ылаңдын негизги себеби – малды бир түрлүү жана сапатсыз, Е витамини жана организмдин тиричилигине эң керек селенит микроэлементи жок тоют менен тоюттандыруу. Ылаң өзгөчө 10–20 күндүк козуларда өтө оор өтөт. Эгерде жүрөгү дартка чалдыкса, демигет, көзүнүн былжыр кабыкчалары саргарат, дем алуусу жана жүрөк кагышы тездейт. Булчуң эти жабыркаган козулар араң жатып-турат, бутун араң шилтеп, дабдыраңдайт. Убакыт өткөн сайын мойну, буту кайра-кайра карышат, жарым-жартылай шалга айланат. Дене булчуңдары катуу жана шишигендей сезилет. Муундары шишийт. Ылаңдын клиникалык белгилери билине баштаганда эле отордогу бардык козуларга селенит натрий эритмесин тери алдына же булчуңуна куят. Селенит натрий өтө уу зат болгондуктан, анын эритмесин даярдоо жана эмдөө өтө кылдат жүргүзүлөт. Селенитти куйгандан кийин малдын ууланганы сезилсе, жем же суу менен 1,5 мг/кг эсебинде атаксил 3–5 күн берилиш керек. Ылаңды алдын алуу максатында тоют сапаттуу даярдалып, малды витаминдүү, минералдык заттары жетиштүү тоют менен камсыз кылуу керек. Ошондой эле, туутка 3–4 жума калганда, бардык койго селенит эритмесин куюу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия