Давид Рүэл
Давид Рүэл (фран. David Ruelle; 1935-жыл 20-август, Гент, Белгия) — статистикалык физика жана динамикалык системдер теориясы жаатында эмгектенген белгиялык жана франциялык физик-математик.
Өмүр таржымалы
түзөтүүБрюссел эркин университетинде окуган, Ph.D.-диссертациясын 1959-жылы жактаган. Кийин Цюрихтеги Швейцариянын жогорку техникалык мектебинде (1960-1963) жана Принстондогу алдыңкы изилдөөлөр институтунда (1962-1964) иштеген.
1964-жылы Франциядагы Жогорку илимий изилдөөлөр институтунун (IHÉS) профессору болгон. 2000-жылдан тарта IHES'тин эс алуудагы ардактуу профессору, Ратгер университетинин чакырылган чыгаан (англ. distinguished) профессору болгон.
1984-жылы Франциянын жарандыгын алган.
Илимий ишмердиги
түзөтүүД. Рүэл төмөнкү илимий изилдөөлөргө зор салым кошкон:
- аксиомалык кванттык талаа теориясы;
- статистикалык механика;
- суюктук механикасы: Ф. Такенс менен бирге турбуленттин башаламан табияты гипотезасы тууралуу эмгектери; жат аттрактор тууралуу түшүнүккө киришүү;
- башаламандык теориясы;
- динамикалуу системдер теориясы: Синай - Рүэл - Боуен (SRB) ченеми.