Даврушев Шахзада
Даврушев Шахзада 1931-жылы Грузия ССРинин Ахильцхин районунда туулган.
- Ата-энеси менен 1943-жылдагы атайын көчүрмөнүн негизинде, Өзбекстанга келип отурукташып калышкан.
- Сузак районунун Багыш айылына 1956-жылы көчүп келишкен.
- Келгенден баштап “Дружба” совхозунда тамекичилик бригадасында эмгектенип, тамеки өндүрүү боюнча көп жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болгон.
- 1970-жылы КПССтин катарына кабыл алынат.
- 1980-жылы талыбаган эмгегинин үзүрүн көрүп, өкмөт тарабынан “Урал” мотоцикли менен сыйланат.
- Ошондой эле айылдык кеңешке депутат болуп шайланат.
- Андан башка да, бир нече ардак грамоталардын ээси болгон.
- 1992- жылы “Эмгек ардагери төш белгисин алып, пенсияга чыккан.
- 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3