Дайка (англис тилинене dike же dyke, сөзмө-сөз - тоскоол, таш дубал) - жарыш беттер менен чектелип, жанаша жаткан тоотектерди жарып өткөн геологиялык тулку. Жер кыртышындагы (литосферадагы) жаракалардын магмага толушунан пайда болуп, көбүнчө тик же жантайыңкы абалда жайгашып, узундук жана тереңдик боюнча алыска созулат. Калыңдыгы 5-10 метрге чейин. Жайгашуусу боюнча дайка топтошкон, радиалдуу, шакек сымал болуп бөлүнөт. Дайка жанаша жаткан тоотектерге караганда катуураак келгендиктен, денудациянын таасиринен талкаланбай дубал сыяктуу көтөрүлүп калат. Кээде дайка айрым металлдардын (алтын, полиметалл жана башка) кендери кездешүүчү белги болуп саналат.

Дайка.