Дальверзин чалдывары - Анжыян облусунун Дальверзин кыштагына жакын жерде; Кара-Дарыя суусунун сол куймасынын жээгиндеги биринчи тектирчеде.

Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу, 360X560 м өлчөмүндө. Ю. А. Заднепровскийдин кеп жылдык казууларынын натыйжасында Дальверзин чалдыварынан сепил жана жер үй түрүндөгү турак жай калдыктары, чеп жалдары, көптөгөн ар кандай чопо идиштер табылган. Алардын айрымдарына боёк менен түр салынган. Табылгалардын көбү - жаргылчак.

Дальверзин чалдывары - коло доорунда Фергана өрөөнүнүн аймагында отуруктуу дыйканчылык маданиятынын эң ири борбору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.