Дампинг (анг. dump – үймөк, ыпыр-сыпыр, таштанды) – океанга төгүлүп, көмүлгөн таштандылар. Дампингдин негизги массасын булуңдарда, бухталарда жана кысыктарда терең казуу, кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн негизинде топтолгон кыртыш түзөт. Андан тышкары ага тазалоочу жайлардын (жылына ондогон млн. т.) жана өнөр жай ишканаларынын катуу жана суюк таштандылары (млн. т-дай) да кирет. Жылына океанга жүздөгөн млн. т. таштанды төгүлөт. 1980-жылдарга чейин көптөгөн өлкөлөр дампинди радиоактивдүү таштандыларды көмүү үчүн пайдаланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия