Данвлов Семён Петрович [7(20). 10. 1917, азыркы Якутия, Мытах наслеги – 27.11.1978, Якутск] – якут акыны. 1961-ж. СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн (1957). Чыгармалары 1937-жылдан жарыялана баштаган.Данвлов «Аңгемелер» (1945) «Менин мекеним» (1949), «Бейкут шаар» (1958), «Досумдун жүрөгү» (1960), «Алас жылдыздары» (1967), «Манчаранын акбоз аты» (1969), «Бүркүттүн бактысы» (1973), «Жер үнү» (1977), «Менин Алтын Казык жылдызым» (1980) жана башка чыгармалардын автору. Ырларында өз элинин тагдыры жөнүндөгү лирикалык ой-толгоолорун камтыган. Бир нече ыр, поэмасы кыргыз тилине которулган. Данвлов Кыргызстанда болуп, кыргыз элинин жетишкендиктери жөнүндө ырлар жазган. РСФСР дин М. Горький атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан:энциклопедия