Даниэл Сезар Мартин Брүл Гонсалес (англ. Daniel Brühl;немецче айтылышы: [ˈbʁyːl ˈgɔnt͡s.aˌləs] (угуу) 1978-жылы 16-июнда туулган) — германиялык актер. Ал жаш кезинен эле, 1995-жылы "Тыюу салынган сүйүү" (англ. Forbidden Love) аттуу немец киносериалында тартылып өз эмгек жолун баштаган. 2003-жылы ал "Кош бол, Ленин!" (англ. Good Bye, Lenin!) немец тасмасында баш каармандын ролун аткарган. Бул ролу үчүн ал кеңири катмарга белгилүү болуп, киносынчылардын алкоосун алган. Европа жана Германия кино сыйлыктарынын "Эң мыкты актер" наамдарына татыган. Брүл Европанын да, Американын да бир нече өндүрүштөрүндө ар башка тилдерде иштеген.

Ал АКШдагы жалпы аудиторияга Квентин Тарантинонун "Уятсыз салпаяктар" (англ. Inglourious Basterds) тасмасында германиялык согуш баатыры Фредрик Золлердин образы менен таанымал боло алган жана "Борн ультиматуму" (англ. The Bourne Ultimatum), "Бешинчи бийлик" (англ. The Fifth Estate) жана "Эң керек болгон адам" (англ. A Most Wanted Man) сыяктуу тасмаларда тартылган. Брүл андан ары Рон Ховарддын "Жарыш" (англ. Rush) биографиялык тасмасында Формула 1дин айдоочусу Ники Лауданын образын жаратуу менен киносынчылардын оң баасына татып, таанымал болгон. 2016-жылы Брүл "Marvel" киноааламындагы дебютун жасап, "Капитан Америка: Жарандык согуш" (англ. Captain America: Civil War) тасмасында Хелмут Земонун ролун аткарган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү