Дан жана дан азыктарын сактоо

Дан жана дан азыктарын сактоо – дан жана дан азыктарынын салмагы менен сапатын сактоо үчүн жүргүзүлгөн чаралар жыйындысы. Бул чаралар туура уюштурулса, дандын салмагы, сапаты толук сакталып, коромжуга аз учурайт (бир жылда 0,08–0,3% салмак жоготот). Дан негизинен кургак, муздак жана абасыз жерде сакталат. Кургак сактоодо газ алмашуу жана ным аз болгондуктан, данды бузуучу микроорганизм менен дан зыянкечтери өөрчүбөйт. Муздак сактоодо температура төмөн (8°С жана андан да төмөн) болгондуктан, микроорганизм менен курт-кумурскалардын көбөйүүсү токтойт. Абасыз жерде, башкача айтканда аба кирбеген жайларда (мисалы, силос чуңкуру) дан зыянкечтери (курт-кумурскалар, кенелер) таптакыр өөрчүбөйт. Дан эгиндери кампаларда, акшак азыктары кендир каптарда сакталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия