Даракка чыгуу
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши. Оюн дарактуу жерде өткөрүлөт. Оюнда дарактар колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар бутактары азыраак теректи тандашып алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден дарактын белгилеген жерине чейин жармашып чыгышып, кайра жерге түшүшөт. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Аз убакыттын ичинде, дарактын белгилеген жерине чейин чыгып кайра түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот. Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылуу, дарактын түбүңдө турууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүДарак бутаксыз болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда, күч, ийилчээктикке, чыдамкайлыкка тарбияланат, тырышчаактыкка үйрөтөт, адамдын ан сезимин остурот.