Дарбанов Беркутбай
Дарбанов Беркутбай 1959-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.
- 1977-жылы Мичурин атындагы орто мектепти аяктаган.
- Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун Филология факультетинин “Орус тили жана адабияты”адистигин артыкчылык диплом менен аяктап, ОШМУнун Орус тили жана адабияты кафедрасында окутуучу болуп иштеп калган.
- 1989-жылы Москвага Целевой аспирантурада күндүзгү бөлүмүндө окуган.
- 1992-жылы аспирантураны аяктап Кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
- 1992-жылдан баштап Бишкек Мамлекеттик Университетинин «Жалпы жана салыштырма тил» илимий кафедрасында доцент болуп эмгектенген.
- 1996-жылдан Жалал-Абад Мамлекеттик Университетине атайын чакырылып “Орус тили жана адабияты” кафедра башчысы болуп дайындалган.
- 2012-жылдан баштап Филология факультетинин деканы.
- 1993- жылы Филология илиминин Кандидаты даражасы ыйгарылган.
- 2000-жылы доцент наамын алган.
- 2013-жылы Филалогия илиминин доктору даражасына ээ болгон.
- 1 монография 50дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3