Дарбыз (лат. Citrullus lanatus) — ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Тамыры көп тарамдуу, жерге 1 мден ашык кирет. Сабагы узун, оролуп же төшөлүп өсөт, жалбырагы жазы, айрым жыныстуу. Дарбыз тоголок, сүйрү, жалпак, кабыгы агыш жашыл жана башка; сулпу кызыл, кызгылт, айрымдарыныкы ак, сары. Дарбыздын жапайы, аш жана тоют түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө Төмөнкү Волга бою, Түндүк Кавказ, Украина, Молдавия, Казакстан жана Орто Азия республикаларында өстүрүлөт. Аш дарбызы желет, туздалат, маринаддалат, андан цукат жасалат. Дарбызда 11 % кант болот. Тоют дарбызы чоң (салм. 10–15 кг), кант туулугу 2–3 %. Жаңы кезинде жана силос түрүндө бардык малга берилет. Дарбыз ысык климаттуу жерде жакшы өсөт, топурактын күрдүүлүгүн анча талап кылбайт. Дарбыз эгилүүчү жер күзүндө айдалат (25–27 см тереңдикте), эрте жазда малаланып, эки жолу культивацияланат. Кыргызстанда эгилүүчү дарбыз сорттору: Жеңүүчү, Мрамор, Мелитополь, Десерт жана башка[1].

Дарбыз
Сары дарбыз

Булактар

түзөтүү
  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Кыргызстан:Михов А. С., Алипиева М. Практическое ово щеводство. М., 1980. Ивлев А. Н. Справочник-словарь овощевода. Л., 1981.
  1. Кандай учурларда, дарбыз жей сунушталбайт. Текшерилген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2020.